• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Шайлоо тилкелеринде кырдаал туруктуу, милиция коомдук тартипти камсыздоодо

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Азыркы учурда шайлоо тилкелеринде коомдук тартиптин бузулушу катталган жок. Милиция кызматкерлери 2 420 шайлоо тилкелеринде коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздап жатышат. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, 2020-жылдын декабрь айында шайлоо алдындагы кампанияны жана шайлоону өткөрүү маалында иш-аракеттердин комплекстүү планы иштелип чыккан.

Планга ылайык, 280ден ашык документтештирүү топтору түзүлгөн. Шайлоо алдындагы кампаниянын башында бузуулар жөнүндө 70тен ашык билдирүүлөр каралып, алардын ичинен 9 факты (7 кылмыш, 2 жорук) КЖБРге катталган.

Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумду өткөрүү күнү шайлоо тилкелеринде жана өлкө аймагында кырдаал туруктуу. Коомдук тартипти бузуу катталган жок.

8-январдан баштап милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришкен. Ички иштер органдарынын 11 миңден ашык кызматкери коомдук тартипти камсыздоодо. Шайлоо тилкеринде 5 миңден ашык кызматкер коопсуздукту камсыздап жатат.

Азыркы учурда маалыматтарды каттоо журналына 14 материал катталды, алардын ичинен Ош облусунан - 2, Бишкек шаарынан - 9, Ысык-Көл облусунан - 1, Талас облусунан - 1, Жалал-Абад облусунан - 1.

"Бардык маалыматтар текшерилип жатат жана анын көбү БШКнын компетенциясына тиешелүү билдирүүлөр болууда. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине маалыматтар катталган жок", - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий