Бишкек, 21.12.21./Кабар/. Бишкектин административдик соту Токтобүбү Оргалчаны “Альянс” партиясынан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты деп таануу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу административдик соттун басма сөз кызматы билдирди.
Бишкектин административдик сотунун 21-декабрдагы чечими менен «Альянс» саясий партиясынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берген арызы канааттандырылды.
"БШКнын 15-декабрдагы “Альянс” саясий партиясынан аял талапкерлерге үч депутаттык мандат, ошондой эле Оргалча Токтобүбүнү Жогорку Кеңешке шайланган депутаты деп таануу жөнүндөгү токтому мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий