• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Панфилов районунун тургундары менен жолугушту  

Аймак 0

Бишкек, 21.12.21./Кабар/. 2021-жылдын 21-декабрында КР президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдин жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү, аксакалдар, райондун жаштар жана аялдар кыймылдарынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Жыйындын алкагында райондук мамлекеттик администрациясынын акими М.Алияскаров 2021-жылы аткарылган иштер тууралуу отчёт берип, Панфилов районунун 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планын элдин талкуусуна койду.

Отчёттук мезгилдин ичинде ар түрдүү тармакта жетишкендиктер бар экени белгиленди. Санитардык-эпидемиологиялык абалга карабастан, өнөр жайынын көлөмүнүн 3 эсе өсүш темпи байкалды, «Метал-Кен» ЖЧКсынын май айынан баштап ишке киришинин эсебинен продукциянын көлөмү 1563,3 млн сомду түздү.

2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планында негизинен өнөр жай ишканаларын курууга, чакан жана орто бизнестин, айыл чарбанын өнүгүүсүнө, ирригация системасын оңдоо жана калыбына келтирүүгө, чакан ГЭСтерди курууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө чоң көңүл бурулду.

Планда ири долбоорлор каралган – бул Чалдовар айылында текстиль фабрикасынын курулушу инвестициянын көлөмү - 300 млн АКШ доллар, газдан электр энергиясын иштеп чыгуучу ТЭЦтин курулушу, инвестициянын көлөмү 950 млн сомду түзөт.

Ошондой эле кайра иштетүү өнөр жай ишканаларын ачуу пландаштырылууда:
-АРИС долбоор аркылуу Күрпүлдөк айылында - сүттү кайра иштетүүчү кичи завод;
-Ойронду айылында - жеке инвестициянын эсебинен гранул тоют чыгаруу цехтин курулушу.

«Метал-Кен» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн кеңейтүү күтүлүүдө – инвестициянын көлөмү 100,0 млн.сом түзөт.
Ошондой эле 3 кичи ГЭСтин курулушу каралууда.

Жаңы ачылган өнөр жай ишканалардын эсебинен 1685тен ашык жумушчу орундарын түзүү пландаштырылууда.

2022-2026-жылдар аралыгында социалдык объектилердин куруу жана оңдоо маселелери чечилет (мектеп имараттарын, бала бакчаларды, ФАПтарды, ҮДТларды, Жалпы дарыгерлик практика борборун, спорттук объекттер).

2022-2026-жылдарда социалдык-экономикалык өнүгүү планында 120 долбоорду ишке ашыруу каралган, жалпы суммасы 4038,0 млрд сом түзөт.

Райондун тургундары 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планын колдоп, дыйканчылыкты жана мал чарбачылыкты өнүктүрүү боюнча кошумча сунуштарды беришти.

Андан ары КР Президентинин Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда Орто-Арык айылында таза суу берүүчү түтүктөрүн ишке киргизүү аземи өткөрүлдү. Элди таза суу менен камсыз кылуу үчүн райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 1 млн 150 миң сом каржыланып, жергиликтүү бюджеттен 870,0 миң сом бөлүнүп, айыл тургундары тарабынан 200,0 миң сом чогултулган. Иштин жыйынтыгында 950дөн ашык айыл тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз болушту.

Ошондой эле Первомайское айылында демөөрчү тарабынан курулган турак жайдын ачкычы жакыр үй-бүлөгө салтанаттуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий