• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үгүт учурунда шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 78 факты катталды – Урманбетов

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 30.03.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Шайлоого чейинки үгүт иштери учурунда шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 78 факты катталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов билдирди.

Анын айтымында, 78 фактынын ичинен 21и кылмыш, 15и жорук, төртөө бузуу фактысы жана 38и электрондук журналга киргизилип, териштирүү иши жүрүүдө.

“Жогоруда аталган кылмыштардын ичинен бир факты кылмыштын курамы аныкталбагандыктан токтотулган. Калган 20 факты сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Жоруктар боюнча бир факты токтотулса, калган 14ү өндүрүшкө алынган. Бузуулар боюнча 4 иш “Бузуулардын бирдиктүү реестрине” катталып, тийиштүү чараларды көрүү үчүн аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлгөн. Ал эми электрондук журналга катталган 38 факты мыйзам чегинде каралып, жыйынтыгы чыгарылыт”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтөт. Шайлоо күнү коомдук коопсуздукту 11 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий