• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ленин округунан депутатты шайлоо: талапкерлердин үгүт иштери старт алды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо өнөктүгү 8-майда башталды.

Боршайкомдун басма сөз кызматы билдиргендей, үгүт иштери 27-майда саат 08:00дө аяктайт.

Бул убакыт аралыгында үгүт иштери төмөнкүдөй ишке ашырылат:
• Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
• Үгүт багытында коомдук иш-чараларды өткөрүү аркылуу (митинг, чогулуш, теледебаттар), бирок калктуу конуштардын спорттук аянтчалары менен көчөлөрүндө концерт, театрлардаштырган оюн-зоокторду жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат;
• басма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;
• Конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка формаларда;

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутатын шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

Шайлоого жалпы 32 талапкер катталды.

Пикир

Оставить комментарий