• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ соцтармактарда баңгизаттардын сатуу жарнамасы тууралуу түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы соцтармактарда баңгизаттардын сатуу жарнамасы тууралуу маалымат таратты.

ИИМден билдиришкендей, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын түзүмүндө синтетикалык баңгизаттарга, IТ технологиялар чөйрөсүндөгү киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча адистештирилген башкармалык ишин алып барат. Ал социалдык тармактарга жана интернет мейкиндигине дайыма мониторинг жүргүзүп турат.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлүп, анын жүрүшүндө интернет мейкиндигинде баңгизаттарды жайылтуу көбөйүп жаткандыгы тууралуу, өз убагында чара көрүү үчүн ушуга окшогон фактылар тууралуу Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматына билдирип туруу менен, көмөк көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө маалымдалган.

Аныкталган ар бир факт жана баңгизаттар тууралуу жарнак жөнүндө берилген билдирүү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине түздөн-түз катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.

ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жарандардан мындай сайттарга кирбешин өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий