• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин Ички иликтөө кызматы 32 жылдык мааракесин белгиледи

Коом 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Бүгүн Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы 32 жылдык мааракесин белгиледи, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аны менен катар эле аталган кызматтын 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарлган ыкчам кеңешме өттү.

Иш-чарага ички иштер министрлигинин орун басары Суюнбек Ниязбеков, ИИМдин Ички иликөө кызматынын башчысы, милициянын полковниги Жолболду Кочконов, ошондой эле Ички иликтөө кызматынын ардагерлери, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жубайлары жана өздүк курамы катышты.

Ички иштер министринин орун басары өз сөзүндө, Ички иликтөө кызматынын кызматкерлерине татыктуу кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, кесиптик майрамы менен куттуктады.

"Бүгүнкү күндө, министрликтин Ички иликтөө кызматынын алдында коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, жарандарды милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен коргоо жана ички тартипти чындоо тапшырмалары турат. Тилекке каршы, милициянын кадыр баркын кетирген, паракорчулук менен байланьшкан жана мыйзам бузууларды жасаган фактылар жок эмес. Учурда пара алуунун, бангизаттарды сатууга байланышкан жагдайлардын дегеле мыйзам бузуулардын заманбап, санариптештирилген мезгили келди. Сиздер да ушул багытта тынымсыз иш аракеттерди көрүп иштеп келе жатасыздар. Сиздердин кызматыңыз коом үчүн өзгөчө маанилүү экендигин жана сиздердин араңыздарда күжүрмөн жана тажрыйбалуу кызматкерлер бар экендигин белгилеймин.

Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин, өздүк курамынын атынан баарыңыздарды дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын. Сиздерге бекем ден-соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалаймын! Майрамыңыздар кут болсун!", - деди Суюнбек Ниязбеков.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматта өзгөчөлөнгөн кызматкерлер, ардагерлер жана кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жубайлары министрликтин сыйлыктары менен сыйланышты.

Андан соң, иш-чара жыйынтыкталып, коюлган тапшырмаларды ийгиликтүү аткарылышын, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Жалпысынан Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарып жатканы белгиленип, ошону менен бирге иш-чаралардын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чараларды көрүү зарылдыгы белгиленди. Жыйындын жүрүшүндө ишмердүүлүктүн жыйынтыгы угулуп, учурдагы мезгилге коюлган милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу жана аяктоо, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы Жолболду Кочконов өз сөзүндө, Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарын кызматтын кызыкчылыктарын саткандардан, ар кандай паракорлордон, мыйзам бузуучулардан жана коомдун көз алдында милициянын абройуна шек келтирген кызматкерлерден тазалоого багытталган ишин улантууда. Ошондой эле Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп келе жаткандыгын баса белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий