• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы аба каттамдарды калыбына келтирүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Минск улуттук аэропортунун башкы директору Вячеслав Хоронеко менен жолугушту.

Элчиликтен билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы аба каттамдарды калыбына келтирүү маселесин кеңири талкуулашты.

Элчи Эрбол Султанбаев Кыргызстандынн туристтик потенциалы жана Беларусь жарандарынын өлкөнүн курортторунда жыл бою эс алуу мүмкүнчүлүгүнө токтолду.

Пикир

Оставить комментарий