• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Индияда диний жөрөлгөлөрдү аткарып жаткан учурда кайык коңторулуп кетип, кеминде 11 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Индиянын борбордук Мадхья-Прадеш штатында диний жөрөлгөлөрдү аткарып жаткан учурда кайык коңторулуп кетип, кеминде 11 адам сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу ANI басылмасы жазып чыкты.

"Биз 16 кишинин бешөөнү куткардык калган 11 адамдын сөөгүн таптык. Учурда издөө иштери уланып жатат", деп аталган штаттын полиция жетекчилигинин орун басары Ахиль Патель билдирди.

Кырсык Бхопале шаарында индустардын маанилүү болгон Ганеш Чатуртхи фестивалын майрамдоодо болгон.

Майрам учурунда зыяратчылар Ганештин айкелине мөмө жемиштерди, сүт, таттуу жана башкаларды алып келип коет. Кээ бир райондорунда чоподон Ганештин айкелин жасап, эскисин сууга кое берет. Зыяратчылар аталган кудайга сыйынуу иретинде миңдеген буюмдарды да сууга коё беришет.

Диний жөрөлгөнү аткарып жатканда зыяратчылары бар кайык коңторулуп кеткен. Анын айынан 11 адам сууга чөккөн.

Ганеш Чатуртхи фестивалы 10 күнгө созулуп, ага 100 миңдеген адам катышат.

Пикир

Оставить комментарий