• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Интерпол Барселонадан мыйзамсыз жол менен кызын алып чыккан Элмира Шакирзянованы издөөдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Интерпол Барселонадан мыйзамсыз жол менен кызын алып чыккан Элмира Шакирзянованы издөөдө. Бул тууралуу Кыргызстандын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Испаниянын укук коргоо органдары 1971-жылдын 22-июнунда туулган Элмира Круглова (ал эле Элмира Шакирзянова) Испаниянын Жазык кодексинин 225-беренесинде (“Үй-бүлөгө каршы кылмыш/уурдоо”) көрсөтүлгөн кылмышты жасаганы үчүн, ошондой эле анын кызы, дайынсыз жоголгон 2008-жылдын 7-январында туулган жашы жете элек Динара Каролинаны издейт.

Экөө тең Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөдө.

Испаниянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, жаран Элмира Круглова 2016-жылы кызы Динара Каролинаны Барселонадан мыйзамсыз жол менен алып чыгып, белгисиз тарапка жашырынып кеткен.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Интерпол улуттук борбордук бюросу жарандардан издөөдө жүргөн аялды жана анын дайынсыз жоголгон жашы жете элек кызынын кайда жүргөн жерин аныктоого жардам берүүнү суранат.

“Алардын жүргөн жери жөнүндө кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, 66-45-48, 66-06-96 телефон номерлерине кабарлап коюну суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий