• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Манас» аэропортунда мыйзамсыз уюлдук телефон ташуу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. «Манас» бажысынын кызматкерлери тарабынан “М.К.” ЖЧКсынын дарегине баасы 34 миң долларлык 300 даана «Xaomi Redmi» маркасындагы уюлдук телефонду мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Алардын маалыматы боюнча, келтирилген зыян 288 040 сомду түзөт.

Топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кароосуна жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий