• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Иракка бараткан жүргүнчү учагы күндүн ысыгынан улам башка жакка конууга аргасыз болду

Дүйнө 0

Бишкек, 20-июль /Кабар/. Франкфурт-Майнеден Ирактын Эрбиль шаарына учуп бараткан “Airbus A320” жүргүнчү ташуучу учагы күндүн ысыгынан улам маршрутун алмаштырууга мажбур болгон деп жазат “Hessenschau” басылмасы.

Маалымдалгандай, учакта 118 жүргүнчү бар болгон.

Аталган учак Анкара шаарына конууга аргасыз болгон.

Эрбиль шаарында абанын температурасы 45 градустан ашып кеткенин “gazeta.ru” басылмасы билдирди.

Пикир

Оставить комментарий