• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Иранда Нооруздан кийин аба ырайынын кескин өзгөрүүсү 1900 айыл, шаарларга зыян келтирди

Дүйнө 0

Бишкек. 05.04.19 /Кабар/. Нооруздан кийинки токтобой жааган жамгырдын нөшөргө айлануусу Ирандын 10 провинциясына зыян келтирген.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Куткаруу операцияларынын орун басары Шахин Фатхи өлкөдөгү 2 аптадан бери уланган жаан-чачындардын кесепетинен 1889 айыл-шаарлар жабыркап, 217 миң тургун куткарылганын жана алардын ичинде 86 миңине убактылуу турак жай берилгенин билдирди.

Шахин Фатих буга кошумча 1072 адам тик учактар аркылуу куткарылып, кар жана суу астында калган 4800 унаа бошотулуп, 4300 үй тазаланганын кабарлады.

Учурда Эльбурз, Чахармахал, Бахтияры, Гулестан, Хузистан, Фарс, Кахгулие, Бавирахмад, Лорестан, Илам, Хурасан жана Семнан провинцияларында куткаруу иштери уланып жатканын кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий