• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ирандагы жол кырсыгынан 28 адам каза болду. Алар мыйзамсыз мигранттар болгон

Дүйнө 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Ирандын түштүк-чыгышында болгон жол кырсыгынан 28 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү медициналык кызматы билдиргенин Mehr агенттиги жазат.

Кырсык Пакистан менен Афганистандын чек арасы менен кесилишкен Ирандын Белуджистан провинциясында болгон.

"Бүгүн эртең менен мыйзамсыз мигранттарды ташып бараткан эки унаа кагышкан. Жыйынтыгында 28 адам мерт кетип, 21 жаран жаракат алган", - деп айтылат маалыматта.

Агенттиктин маалыматында каза болгондордун жарандыгы айтылган эмес.

Пикир

Оставить комментарий