• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Иркутск облусунда 49 жаштагы кыргызстандык ооруканада каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Россиянын Иркутск шаарында 49 жаштагы кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ал 1973-жылдын 29-сентябрында туулган Кыргыз Республикасынын жараны Т.М.О. болгон. Россия Федерациясынын Иркутск облусундагы Бодайбо шаарында каза болгон.

"КР жараны 2022-жылдын 17-майында Бодайбо шаарына кен байлыктарды казуу боюнча "Артель Старателей Витим" компаниясына иштөө үчүн барган. 2022-жылдын 17-июнунда ден соолугунун начарлашына байланыштуу Т.М Перевоз айылындагы ооруканага жаткырылган, 22-июнда ошол эле ооруканада каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, каза болгон жарандын сөөгү Бодайбо шаарындагы өлүкканага жеткирилип, ал жерден каза болуусунун себебин аныктоо үчүн соттук-мадициналык экспертиза дайындалат.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсеси каза болгон жарандын туугандары жана жогоруда белгиленген "Артель Старателей Витим" компаниясынын өкүлдөрү менен байланышта, ошондой эле сөөктү мекенине алып кетүү боюнча керектүү жардам көрсөтүлүүдө.

Маселе КР ТИМинин өзгөчө көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий