• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков: “Ош” аэропортунун жаңы тейлөө залы 5 айда бүткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 17.03.18. /Кабар/. "Ош" Эл аралык аэропортундагы жаңы тейлөө залынын курулушу үчүн аэропорттун бюджетинен 46 млн сом сарпталып, 5 айда бүткөрүлдү. Бул тууралуу аэропорттун директору Талант Исаков тейлөө залынын ачылыш аземинин жүрүшүндө билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн, 17-мартта Ош Эл аралык аэропортунун учуп келген жүргүнчүлөрдү тейлөө залынын ачылыш аземи болду. Ага Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, "Манас эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Эмил Чукуев жана "Ош" Эл аралык аэропортунун директору Талант Исаков катышты.

Премьер-министр тейлөө залынын кызыл тасмасын кесип, андагы жүргүнчүлөр үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

С.Исаков Кыргызстан анын ичинде Ош шаары өнүгүп жатканын белгилеп, аэропорттун ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

“Учуп келген жүргүнчүлөрдү тейлөө залынын аянты 2 миң кв метрди түзөт. Бул жерде жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн”,-деди "Ош" Эл аралык аэропортунун директору.

Пикир

Оставить комментарий