• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 27.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 27-октябрда, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлерин –Кыргыз Республикасында жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, премьер-министрдин куттуктоосу төмөнкүдөй:

«Урматтуу жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргыз коомунун мамлекеттик, саясий-укуктук жашоосунда, ошондой эле укуктук демократиялык мамлекеттик институттарды курууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын ролун баалоо абдан кыйын. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы Кыргызстанда конституциялык түзүлүштүн бирден бир негиздеринин деңгээлине чыгарылды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3 беренеси атайын жергиликтүү өз алдынча башкарууга бөлүнгөн. Анда негизинен жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара карым-катнаштары ачык чагылдырылган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет жана анын органдарынын алдында мыйзамдардын аткарылышы үчүн, жергиликтүү жамааттын алдында – өз ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү болушат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасын түзгөн жергиликтүү кеңештер, айыл өкмөтү, шаарлардын мэриялары жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу ачык-айкындыктын, коомчулуктун катышуусунунжана жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулук принцибин сактоо менен иш алып барышууда.

Муниципалдык органдарга мамлекеттик ыйгарым укуктар, аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттар өткөрүлүп берилүү менен иш алдыга жылууда.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттар бардык жарандарга өз аймактарында социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө, коомдук демилгени көтөрүп, аймактык кызыкчылыктарды жактап келет. Бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы жарандык коомдун ажырагыс бир бөлүгүнө айланды.

Жергиликтүү жамааттар күнү – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын гана майрамы эмес. Бул күн, албетте, бардык жергиликтүү жамаат үчүн кызыл күн. Бирок бул күн – айрыкча өз шаарын, айылын чындап сүйгөн, ага колунан келген бүт жардамын аябаган ар түрдүү кесиптеги, курактагы, саясий көз караштагы адамдардын биримдигинин майрамы.

Ошондуктан бүгүнкү майрамдыжалпы элдин майрамы десек туура болот.

Урматтуу мекендештер, сиздерди Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттар күнү менен чын дилимден куттуктап, өлкөнүн бардык шаарларына жана айылдарына өсүп-өнүгүүнү, бакубат турмушту, стабилдүүлүктү, ар бир үй-бүлөгө жыргалчылык жана өлкөбүздүн жарандарына бакыт-таалайкаалайм».

Пикир

Оставить комментарий