• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исмаилова Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды

Өкмөт 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчи – Алымкадыр Бейшеналиевди тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр жаңы жетекчини тааныштырууда белгилегендей, ушундай кыйын кырдаалда күч-аракетибизди бириктирүү менен саламаттык сактоо тутумундагы маселелерди, биринчи кезекте, COVID-19 илдетине каршы күрөшүү маселесин чечүүбүз зарыл.

«Күн сайын COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны өсүүдө. Медициналык мекемелердин даярдыгы, мобилдик бригадаларды комплекттөө, зарыл дары-дармек каражаттары менен камсыздоо, кадрдык ресурсту даярдоо – биздин алдыбызда турган артыкчылыктуу милдеттер. Буга катар коронавирустан башка оорулардын алдын алуу жана дарылоо маселеси да көңүлдүн борборунда болушу абзел», - деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий