• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Юстиция министри Асель Чынбаеванын өмүр баяны

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Чынбаева Асель Рыспековна Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 1974-жылдын 7-майында туулган.

Билими жогорку. 1996-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Укук таануу» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1998-1998-жж. – Жогорку Кенеш (МЖ), депутаттын коомдук жардамчысы

1998-2000-жж. – Бишкек шаардык мэриясынын укук департаменти, алдыңкы адис

2000-ж. –«Айыл тургундарына укуктук жардам Хельвитас Швейцар эл аралык кызматташтык ассоциациясы» укуктук долбоор, юрист

2001-ж. – «Альянс-Транс» ассоциациясы, юрист

2001-2004-жж. – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, кадрдык, укуктук иштер жана аткарууну көзөмөлдөө бөлүмү, алдыңкы адис

2004-2006-жж. – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, кадрдык уюштуруу жана укуктук иштер бөлүмү, юридикалык иштер сектору, сектор башчысы

2006-2007-жж. – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты, юридикалык бөлүмдүн укуктук анализ сектору, сектор башчысынын м.а.

2007-ж. – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты, укуктук экспертиза бөлүмүнүн мыйзамды тутумдаштыруу жана кодификациялоо сектору, сектор башчысынын м.а.

2007-ж. – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты, укуктук экспертиза бөлүмү, эксперт

2007-2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты, укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмү, укуктук анализ жана экспертиза сектору, эксперт

2009-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук колдоо бөлүмү, эксперт

2009-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук колдоо бөлүмү, бөлүм башчысынын орун басары

2010-ж. – Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмү, эксперт

2010-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмү, эксперт

2010-2015-жж. – Өкмөттүн Аппараты, укуктук камсыздоо бөлүмү, эксперт

2015-2016-жж. – Өкмөттүн Аппараты, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү экспертиза сектору, башкы эксперт

2016-2017-жж. – Өкмөттүн Аппараты, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү, башкы эксперт

2017-ж. – Өкмөттүн Аппараты, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кодификация сектору, сектор башчысы

2017-ж. – Өкмөттүн Аппараты, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү, бөлүм башчысынын орун басары

2017-2019-жж. – Өкмөттүн Аппараты, укуктук экспертиза бөлүмү, бөлүм башчысынын орун басары

2019-2021-жж. – Өкмөттүн Аппараты, укуктук экспертиза бөлүмү, бөлүм башчысы

2021-жылдын 3-февралынан тарта – юстиция министри

Пикир

Оставить комментарий