• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Израиль Кыргызстан менен кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров кечээ, 16-сентябрда Израиль өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчиси Лиат Векселманды кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-израиль кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана айыл чарба, медицина, билим берүү жана туризм жаатында, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Тышкы иштер министринин орун басары Мадмаров элчи Векселманга COVID-19га каршы күрөштө кыргыз тарапка көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Элчи эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий