• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көчмөндөр оюндарынын логотиби өзгөрүүсүз калат

ДКО 2018 0

Ысык-Көл, 08.09.18 /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби оюндар кайсы жакта өтпөсүн өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, логотиптин ээси Кыргызстан болуп эсептелет. Ал патенттелген, көчмөндөр оюндарын өткөрө турган бардык өлкөлөр бул логотипти колдонууга уруксат сурашы керек болот.

"Бул логотип Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу бойдон калат. Оюндар качан, каякта өтпөсүн, логотиби өзгөрүүсүз калат. Сырткы бөлүгү жана жээктери өзгөрүшү мүмкүн, бирок логотип өзү ДКОнун символу бойдон калат", - деди Жаманкулов.

Анын билдиргенине караганда, Көчмөндөрдү өткөрө турган өлкө ар түрдүү түстөрдү колдонсо болот, бирок аттын үстүндөгү киши түрүндөгү логотип өзгөрбөшү керек.

Эске салсак, бүгүн ДКОнун жабылыш аземи болот.

Пикир

Оставить комментарий