• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкүнүчтүү...Иракта жарык дүйнөгө келген жети ымыркай көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Иракта жарык дүйнөгө келген жети эм көз жумду. Бул тууралуу бүгүн Ирактын жергиликтүү al-Sumaria телеканалы билдирди деп жазат РИА Новости.

Мурдараак Дияла провинциясынын Саламаттык сактоо департаменти 25 жаштагы келин 7 бала (1 уул, 6 кыз) төрөгөндүгүн билдирген болчу.

"Бир нече күн мурун аль-Баттуль ооруканасында жарык дүйнөгө келген жети ымыркай тең көз жумду", - деп билдирген телеканалган өздүк булактар.

Азырынча ымыркайлар эмне себептен көз жумгандыгы белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий