• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Күн-Туу айылындагы жаңы мектептин курулушу быйыл аяктайт

Коом 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылындагы жаңы мектептин курулушу 2023-жылдын ичинде аяктайт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жамгырчынов атындагы аталган мектеп 500 окуучуга ылайыкталган.

Долбоор боюнча мектепте химия, физика, биология, кыргыз, орус жана чет элдик тилдердин атайын окуу класстары, жыйындар залы жана китепкана, тиш доктурдун жана дарыгердин кабинеттери каралган.

Пикир

Оставить комментарий