• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Айсулуу Тыныбекова күрөшкө чыгат

Спорт 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Бүгүн, Казакстанда өтүп жаткан Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагында кыз-келиндер арасындагы күрөштө кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова таймашка чыгат.

Тыныбекова 62 килограмм салмакта күрөшүп, анын беттеши 1/6 финалдан башталат. Ал биринчи кармашында мексикалык Алехандра Ромеро Бонилла менен күч сынашат. Бул кармаштын жеңүүчүсү кийинки айлампада Япония менен Германиянын спортчуларынын таймашында жеңген балбан менен күрөшөт.

Белгилей кетсек, Казакстандагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий