• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кабар" МАБ: Өзгөчө абал. Өкмөт башчы өлкөнүн түштүк аймактарына барды

Аналитика 0

Кечээ, 4-апрель күнү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарында иш сапары менен болду. Иш сапарынын алкагында ал аталган эки облустагы карантиндик-санитардык посттордо, азык-түлүк кампаларында болуп, жазгы талаа иштерине болгон даярдыктар менен таанышты.

Өкмөт башчы Сузак районундагы жана Жалал-Абад шаарындагы санитардык-карантиндик посттордун инфраструктурасы менен таанышып, ал жерде нөөмөттө турган аскер жана милиция кызматкерлери, куткаруучулар, медиктер жана санитардык кызматкерлер менен сүйлөштү. Премьер-министрге бүгүнкү күндө Жалал-Абадда абал туруктуу экендиги, ал эми жарандар өзгөчө абалдын шарттарын түшүнүү менен кабыл алып, жоопкерчилик көрсөтүп жатышканы айтылды.

Өкмөт башчы белгилегендей, биргелешкен иштердин уюшкандыгынан жана сапатынан коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн натыйжалуулугу көз каранды. Ал медицина кызматкерлерин бардык зарыл нерселер менен камсыздоо үчүн мамлекет каржылоо маселелерин чечип жатканын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча масштабдуу иштерди баштаганын белгиледи. Абылгазиев өзгөчө абал режимин укуктук аткарууну мындан ары карай камсыздоого байланышкан бир катар тапшырмаларды берген.

Эксперт Юрий Куринский өлкөдөгү абал боюнча пикирин билдирип, бүгүнкү күнү ар бир адам жарандык жоопкерчилигин көрсөтүп, бийлик айткандай үйдө болуу керектигин айтат.

"Бийлик коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн болушунча аракет көрүп жатат. Калк бийликке жардам бериши керек. Жардам туура жүрүм-турум менен байланыштуу. Бир аз чыдамдуулукту көрсөтсөк, бул кыйын күндөрдөн өтүп кете алабыз", - дейт ал.

Иш сарапдын алкагында Абылгазиев жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышып, киргизилген режим жазгы-талаа иштерин тийиштүү деңгээлде жүргүзүү үчүн таасир этпеши керектигин айткан. Ал өлкөдө жүк ташуулар, ишкерлер жана дыйкандар үчүн эч кандай чектөөлөр жок экендигин дагы бир ирет эскертип өткөн.

"Бул жыл айыл-чарбасы үчүн маанилүү жыл болот. Коронавирус пандемиясынан улам көптөгөн өлкөлөр кыйынчылыкка туш болот жана туш болууда. Кыргызстан айыл чарбаны жакшылап карашы керек. Айыл чарба тармагына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар көрүлүшү зарыл. Биздин азык-түлүк коопсуздугубуз ата мекендик дыйкандардын ишинен көз каранды", - дейт эксперт.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов да айткан. Ал, өлкө аймактарындагы жазгы-талаа иштери кечиктирилбестен жана кыйынчылыксыз өтүүгө тийиш экенин билдирген.

"Тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү көлөмдө үрөн, жер-семирткичтер, техника менен камсыз кылуу жана талаа иштерин өз убагында ишке ашыруу тапшырылды. Өзгөчө абал режими маалында жазгы-талаа иштери өз убагында жүргүзүлүүгө тийиш, кечиктирүүгө болбойт. Айыл чарба министрлиги тоскоолдуксуз иштөө үчүн бардык шарттарды түзүүгө милдеттүү, - деген ал.

Жыйында Саламаттык сактоо министирлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу отчет беришкен.

Ошондой эле жыйында дезинфекциялоо иштерин – айрыкча оору чыккан жерлерде –күчөтүүнүн, жарандардын кыймылына, үй карантининин шарттарына көзөмөлдү күчөтүүнүн маанилүү экени айтылган. Мындан тышкары обсервация жайларында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды катуу сактоо, тартылган медицина кызматкерлерин өздүк коргонуу каражаттары менен толук камсыздоо жана белгиленген коопсуздук эрежелеринин алар тараптан аткарылышы зарыл экендиги белгиленген.

Коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон жарандарды аныктоо боюнча күчөтүлгөн иштер уланууда. Буга байланыштуу ыкчам штабдын мүчөлөрү жарандардын үйдө болуусу маанилүү экендигин билдиришти. Аймактарды тест-системалар, дары-дармектер, өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздоо иштери улантылууда. Ошондой эле калктын социалдык аярлуу катмарына ун жана азык-түлүк түрүндө даректүү жардам көрсөтүлүп жатат. Штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга бир нече тапшырмалар берилген. Жергиликтүү бийлик органдарына калктуу конуштарда өз алдынча орнотулган постторду иретке келтирүү тапшырылган.

Иш сарапдын жүрүшүндө Абылгазиев Ош облусундагы материалдык резервдер кампасына барды. Өкмөт башчы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн унду кампага киргизүү жана аны таратуу процессин көрдү. Премьер-министрге үч облустун муктаждыктары үчүн 100 тоннадан ашык ун таратылганы, анын запасы жетиштүү экени айтылды. Мухаммедкалый Абылгазиев учурда мамлекеттин резерви жетиштүү жана жардамга муктаждардын бирөөсү да көңүл буруусуз калбашы керектигин айткан.

"Премьер-министрдин бул иш сапары стресс кырдаалында жашап жаткан калк үчүн психологиялык жактан маанилүү. Кыргызстан алгачкы ирет мындай учурга туш болуп жатат жана бийлик жеринде иштер тиешелүү жүрүшү үчүн аракет көрүүдө", - деди ал.

Өкмөт башчы өзгөчө абал режимине карабастан жазгы талаачылык иштер өз учурунда жана жетиштүү деңгээлде жүрүшү керектигин кошумчалады.

Айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев жазгы айдап-себүү иштери ийгиликтүү жүрүшү үчүн дыйкандарга бардык шарттар түзүлүп жатканын айтты. Анын айтымында, минералдык жер семирткичтерди, урук жана күйүүчү майды ташып келүү боюнча маселе жок. Маселелерди ыкчам чечүү үчүн call-борбор ишке киргизилип, жаралган көйгөйлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамы менен өз учурунда чечилүүдө. Мындан тышкары комендатуралар менен өз ара кызматташуунун механизми түзүлдү. Министр республикалык штабдын жүк ташуучу унаалар үчүн өткөрмө кагазды берүүнү жоюу боюнча чечими жазгы талаачылык иштерди жүргүзүүгө бир топ жеңилдик бергенин белгиледи. Өкмөт башчы дыйкандар үчүн шарттарды түзүү жана жаралган маселелерди ыкчам чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген.

"Фермерлер үчүн бул сезон кыйын жылдардын болушу мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек. Алардын да коронавирусту жуктуруп алуу тобокелчилиги бар. Бирок алар график боюнча ишке киришип, фермерлердин арасында дүрбөлөң жок. Иштейбиз деген гана дымак бар", - дейт эксперт.

Иш сапардын алкагында Абылгазиев Ош облусундагы санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерген. Өкмөт башчы санитардык-карантиндик посттордун инфраструктурасы менен таанышып, нөөмөттө турган аскер жана милиция кызматчылары, медиктер жана санитардык кызматкерлер менен сүйлөштү. Премьер-министр посттордун жеке курамына ыраазычылык билдирип, мамлекет медицина, милиция жана аскер кызматкерлерин колдоо үчүн бардык тийиштүү чараларды көрөрүн белгилеген. Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов бүгүнкү күндө Ош облусунда абал туруктуу экендигин, санитардык-карантиндик посттор күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын билдирген. Ал постторду өздүк коргонуу каражаттары жана тамак-аш менен камсыздоо маселелери толук чечилгендигин айткан.

Бүгүнкү күнү Кыргызстан башка мамлекеттердей эле коронавирустан улам кыйынчылыктарга туш болууда. Мындан улам бул илдеттин жайылышын токтотуу жана аны жеңүү үчүн бийлик менен жарандардын биргелешкен аракети талап кылынат.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий