• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Кабар" МАБ: Жеңиштин 75 жылдыгы — эч ким, эч качан унутулбайт!

Аналитика 0

Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленүүдө. Адатта Жеңиш күнүндө Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын эстелигине гүл коюу аземи, согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин сыйлоо иш-чаралары, концерттер жана башка иш-чаралар өткөрүлчү. Бирок коронавирустун жайылышына байланыштуу быйыл бир катар мамлекеттерде Жеңиштин 75 жылдыгына белгиленген иш-чаралар өтпөй калды.

Улуу Ата Мекендик согуш 1418 күн жана түнгө созулган. Согуштун кыйын күндөрүндө жоокерлер, ооруктун эмгекчилери жана жөнөкөй жарандар Жеңиштин келишине өз салымын кошкон.

Жеңиш күнүнүн карата согушка катышкан жоокерлерди эскерүү үчүн "Өлбөс полк" акциясы уюштурулуп келет. Анын катышуучулары өздөрүнүн аталарынын, апаларынын, туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп, шаар менен айыл көчөлөрүндө жүрүш жасашчу. Быйыл пандемияга байланыштуу "Өлбөс полк" акциясы онлайн форматта өтөт.

"Өлбөс полк" акциясы www.pobeda.srs.kg порталында өтүп, ага катышуу үчүн каттоо https://1945.srs.kg/ дареги боюнча жүргүзүлдү.

Маданият министрлиги билдиргендей, кайрылууларын электрондук түрдө жөнөткөн авторлордун жеке маалыматтары жеке маалыматтар тууралуу мыйзамынын талаптарына ылайык иштетилип, сакталат.

Кыргызстанда 9-Майга карата уюштурулган "Өлбөс полк" акциясы 2014-жылдан бери өткөрүлүп келүүдө.

"Өлбөс полк" – эл аралык акция, жыл сайын 9-Май күнү өткөрүлөт. Акция Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын жана алардын өлбөс-өчпөс эрдиктерин эстеп жүрүүгө чакырат. Кыргызстанда "Өлбөс полк" акциясы алгачкы ирет 2014-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн. 2015-жылы жүрүшкө Бишкек шаары дагы кошулган. Бишкек шаарында 2015-жылы 70 жылдыкта жүрүшкө 3 миңге жакын адам катышкан. 2016-жылы 25-26 миңге жакын катышуучу болгон. 2017-жылы акцияга 30-35 миңге жакын адам катыша алган. 2018-жылы жүрүшкө 40-45 миң адам чыккан. Ал эми 2019-жылы жүрүшкө 50 миңден ашык киши катышкан. Былтыр жүрүш Кыргызстандын бардык шаар жана айыл-кыштактарында өткөрүлгөн", - деп билдирет министрлик.

"Колосок" бала бакчасынын башчысы Антонина Фадинанын айтымында, аларда балдарды патриоттуулук багытта тарбиялоого көп көңүл бурулат.

"Ансыз өз өлкөсүнүн татыктуу жарандары болгон, бирөөнү жана өзүн сыйлаган адамдарды тарбиялоо болбой турганын түшүнөбүз", - дейт ал.

Чат-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Айсаевдин айтымында, согушка катышкандардын, оорукта иштеген эмгекчилердин эрдиктери унутулбашы керек.

"Жыл сайын ал аламаттуу согушту көргөндөрдүн саны азайып жатат. Кыргызстан Жеңишке жетүүгө чоң салым кошкон. Маселен, биздин айылдан мекенди коргоо үчүн фронтко 300дөн ашык айылдашыбыз кеткен. Көптөгөн үй-бүлөлөрдө биринин чоң атасы, атасы, ага-иниси же уулу кайтпай калган. Кайтып келгендери курулушта иштеп, инфраструктуралык объекттерди калыбына келтирүүдөгү иштерге катышкан", - дейт ал.

Биздин аталардын эрдиктери эч качан унутулбашы керек.

Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий