• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кадамжайда иштетилбеген шахтадан өрт чыгып, кесепетинен 243 кой-эчки өлгөн

Кырсык 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Кадамжайда иштетилбеген шахтадан өрт чыгып, кесепетинен 243 кой-эчки өлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-февраль күнү саат 12:00 чамасында Баткен облусунун Кадамжай шаарынын Сурьма комбинаттын аймагындагы иштетилбеген шахтасынан өрт чыккан. Шахтанын ичин жергиликтүү тургундар мал кармоого пайдаланылып келген. Өрттүн кесепетинен 243 кой-эчки өлгөн.

Куткаруучулар тосмо орнотуп, тургундардын макулдугунун негизинде 243 кой-эчкини шахтанын ичинде көмүп кетишкен.

Жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.

Пикир

Оставить комментарий