• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жыл башынан бери Кадамжайда эки өспүрүм сууга чөгүп каза болду

Аймак 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Кадамжай районунда милиция кызматкерлери сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун аймагында балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жайкы эс алуу мезгилинде кароосуз калган көлмөлөрдө, агыны шар аккан каналдарда, арыктарда өз алдынча сууга түшүп жүргөн жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кооптуу суулардын айланасына атайын эскертүүлөрдү илишип, суулардын боюнда жашаган үй-бүлөлөргө эскертүү актыларын берүүдө.

Белгиленгендей, 2022-жылдын 5 айында Кадамжай районунун аймагында жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү фактысынан экөө катталып, 2 жаш өспүрүм каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий