• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Кадастр» мекемесинин Ноокендеги филиалы тарабынан мамлекетке 4 млн сомдон ашуун зыян келтирилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан жургүзүлгөн текшерүүдө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин талаптары бузулгандыгы аныкталган, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КРнын Жер Кодексинин 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, айыл чарбасынын жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөө Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, укугун ырастоочу документтерди бергенге чейин жер казынасын пайдалануучу тарабынан жүргүзүлөт.

Бирок «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалы тарабынан 2016-жылы айыл чарба өндүрүштөрүнүн жоготууларынын ордун толтурбастан ЖЧКнын бирине 35 гектер жер тилкеси убактылуу пайдаланууга күбөлүк берилгендигинин натыйжасында мамлекетке 2 млн 879 миң 980 сомдук зыян келтирилген.

Мындан сырткары, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалы тарабынан 2017-жылы айыл чарба өндүрүштөрүнүн жоготууларынын орду толтурулбастан кайрадан эле башка ЖЧКна 26,17 гектер жер тилкесине убактылуу пайдаланууга күбөлүк берилип мамлекетке 1 млн 414 миң 382 сомдук зыян келтирилген.

Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан 2020-жылдын 25-февралында мамлекетке келтирилген 4 млн. 294 миң 362 сомдук зыянды өндүрүү максатында сотко доо арыз келтирилген. Соттук кароонун жыйынтыгы менен келтирилген доо арыз толугу менен канааттандырылган.

Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан жогорудагы фактылар 2021-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын ЖКнын 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий