• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кадырбеков кыргыз жана орус драма театрларынын оңдоо иштери менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры жана Айтматов атындагы Орус улуттук драма театрынын оңдоп-түзөө иштери менен таанышып чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, таанышуу учурунда министр Кадырбеков жасала турган иштердин приоритеттүү багыттарын жана биринчи кезекте аткарыла турган аракеттер тууралуу театр жетекчилери менен биргеликте талкуулады.

Учурда өлкөдөгү эпидемиялогиялык кырдаалга ылайык жана ремонт иштери болуп жаткандыгына карабастан театр актерлеру онлайн форматтагы спектаклдарды жана иш-чараларды өткөрүп келет.

Жакынкы аралыкта Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин “Раззаков” спектаклин сахналаштырып, теле премьерасы болду.

Ал эми Айтматов атындагы Орус улуттук драма театры пандемия учурунда КМШ өлкөлөрү арасында өтүп жаткан "Онлайн гастролдорго” катышты. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында Кыргызстан жана коңшу мамлекеттердин театрлары өз спектаклдеринин видео жазууларын интернет булактарында таркатуу менен тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий