• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуу Британияга кетип жаткан кыргызстандыктар үчүн тренинг болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 05.01.24./Кабар/. Күн мурун Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына бара жаткан 20 жаран үчүн алдын ала интенсивдүү окутуу аяктады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Жолугушуу министрликтин алдындагы жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору тарабынан МЭУнун колдоосу менен уюштурулуп, ал катышуучуларга чет өлкөдө ийгиликтүү адаптациялоо жана ишке орноштуруу үчүн зарыл болгон ар тараптуу даярдыкты камсыз кылган.

Катышуучулар Улуу Британиянын иштөө процесси, анын ичинде эмгек акы, салык салуу жана кайтаруу маселелери боюнча кеңири билимге ээ болушту. Ошондой эле алдамчылыктын алдын алуу, инфляцияны эсепке алуу аспектилери чагылдырылып, каржы жана топтоону натыйжалуу башкаруунун куралдары көрсөтүлдү.

"Биздин максат - жарандарды чет өлкөлөргө адаптациялоо жана ишке орноштуруу үчүн керектүү билим жана колдоо менен камсыз кылуу. Даярдалган жана окутулган катышуучулар келечекте айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана бул тармактын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам бере турган жаңы билимдерди, тажрыйбаларды жана көндүмдөрдү берүү жолу менен Кыргыз Республикасына пайда алып келе алышат.

Бул интенсивдүү тренинг ийгиликтүү аяктап, катышуучуларга Улуу Британияда иштөөгө ишеним жана оптимизм калтырды", — деди борбордун директору Бактыбек Кудайбердиев.

Пикир

Оставить комментарий