• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кайра шайлоо. Милициянын кайгуул кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Коом 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн шайлоо тилкелеринде коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында, ошондой эле ар кандай чагымчыл мыйзамсыз иштерге жол бербөө максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтүп жатат.

"Кайгуул кызматкерлери шайлоого келген жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн, ошондой эле шайлоо тилкелеринин айланасында жол тыгындарын болтурбоо максатында ошол аймакта кызмат алып барууда. Азыркы учурда коомдук саясы абал тынч жана баары көзөмөлдө. Эгерде мыйзам бузуу фактыларына күбө болсоңуз, анда дароо “102” кызматына же ошол шайлоо тилкесине бекитилген милиция кызматкерлерине кабарлаңыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий