• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талашка түшкөн 446 гектар жер. Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты президентке кайрылды

Коом 0

Бишкек, 16.03.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнө 446 гектар жерди кайтарып берүүнү суранып, Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Нургүл Усеинова президент Садыр Жапаровго кайрылды.

"Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Нургүл Усеинова гранттарды жана дыйканчылык жерлерди пайдаланууда коррупциялык фактыны аныктагандыгын белгиледи.

"2016-2017-жылдары айылдык кеңешке депутат болуп шайланып келгенде элдин талабы менен иштебей келген бала бакчаны айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрөлү дегенбиз. Бийлик органдарына кайрылып жатып аталган бала бакча жана 446 гектар дыйканчылык жерлерин пайдаланууда коррупциялык фактыны аныктадым. Көрсө, 2003-жылдан бери ал жер Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиев тарабынан жеке менчик катары колдонулуп келген. Ал жерди илим-изилдөө үчүн алышкан. Алар 446 гектар жерди кошумча ижарага (субаренда) берип келген. Бирок бир дагы сом салык төлөгөн эмес. Аталган факты прокуратура органдары тарабынан аныкталган. Бирок кылмыш иши эмес, административдик чара гана көрүлгөн", - дейт ал.

Усеинова учурда бала бакча айыл өкмөтүнүн карамагына өтүп, күз айында балдарды кабыл ала баштарын айтты.

"Нургазиев ректор болгонго чейин малды уруктандыруу жана үрөн боюнча келген гранттарды бөлүштүрүп келген. Алсак, 2003-жылы 360 миң доллар, 2016-жылы 1 млн 370 миң доллар грант катары келген каражатты Нургазиев өзү алып алган", - деди айылдык кеңештин депутаты.

Ал эми Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн мурдагы орун басары Мирлан Усеналиев билдиргендей, Фрунзе айыл өкмөтүнөн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду тарабынан 446 гектар жер өкмөттүн токтому менен асыл тукум жана үрөндү өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн.

"Өкмөттүн токтому бар. 2002-2003-жылы өкмөт асыл тукум жана үрөндү өнүктүрүү, ошондой эле окуу тажрыйба чарбасына деп жер бөлгөн. Бул чарба Кыргыз улуттук агрардык университетин карамагында болчу. Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө мыйзамдын 13-беренесинде Мамлекеттин менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер участокторун кошумча ижаралоого тыюу салынары жазылат. 2017-2018-жылы кайра өкмөттүн токтому чыгат. Анда бөлүнгөн жер кайра айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берилиши керектиги жазылат. Ага карабай ал жер айыл өкмөтүнүн карамагына берилбей келүүдө", - деп айтат Усеналиев.

Айылдык кеңешинин депутаты Нургүл Усеинова президент Садыр Жапаров кабыл алса, бардык тиешелүү документтерди көрсөтөрүн белгиледи.

Өз кезегинде Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиев "Кабар" агенттигине билдиргендей, алардын университети Фрунзе айыл өкмөтүндө эки билим берүү жана чарба объектиси бар, бирок алардын бири дагы кошумча ижарага берилбейт.

"Бул айыптоолордун эч кандай негизи жок. Күмөн болгон учурда биз ал билим берүү жана чарба объектилеринин иштеши боюнча бардык керектүү документтерди бере алабыз. Ошондой эле грант маселесине боюнча, Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту агрардык университети менен байланышы жок, ал Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин карамагында", - деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий