• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Калктын аялуу катмарларына жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлөт. Тизме

Коом 0

Бишкек, 16.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 107 миң үй-бүлө, анын ичинен 349 миң бала “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна кошумча 1 млрд 191 млн сом каралды.

“2022-жылдын 1-июнунан тартып аталган жөлөкпулдун өлчөмү 50 пайызга көбөйтүлөт. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөр үчүн жөлөкпулдун өлчөмү 810 сомдон 1200 сомго чейин жогорулатылат”, - дейт ал.

Базарбаев мындан сырткары, төмөнкү категриялар боюнча жөлөкпул көбөйтүлөрүн айтты:

– жалпы оорудан I топтогу майыптыгы бар адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул – 2500 сомдон 5500 сомго чейин;

– жалпы оорудан II топтогу майыптыгы бар адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

– жалпы оорудан III топтогу майыптыгы бар адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул – 1500 сомдон 2000 сомго чейин;

– ата-энесинин биринен айрылган балдарга ар айлык социалдык жөлөкпул – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

– баатыр энелерге ар айлык социалдык жөлөкпул – 2500 сомдон 3000 сомго чейин;

– улгайган жарандарга ар айлык социалдык жөлөкпул – 1500 сомдон 2000 сомго чейин көтөрүлөт.

Эскерте кетсек, 14-майда президент Садыр Жапаров “Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий