• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Калпак күнүнө карата "Калпак жумалыгы" өткөрүлөт

Маданият 0

Бишкек, 02.03.19. /Кабар. Бешинчи март калпак күнүнө карата 1-7-март күндөрү "Калпак жумалыгы" өткөрүлөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Жумалыктын алкагында концерттик программалар, жөө жүрүштөр, калпакты күн сайын кийип жүрүүгө чакырган акциялар өтөт.

Уюштуруучулар билдиргендей, бул иш-чаралар калпакты даңазалоо максатында өткөрүлүүдө.

"Калпак - кыргыз элинин негизги улуттук символдорунун бири. Калпагыбыздын аброю, даңкын, даражасын кѳтѳрүү улуттубуздун идеялогиясын кѳтѳрүү болуп эсептелет", - деп белгилейт уюштуруучулар.

Белгилей кетсек, жумалыкты “Кийиз Дүйнө” коомдук фонду, “Ак Шумкар Кут” жаштар коомдук бирикмеси, "Инсандык Ѳнүгүү” студенттик клубу жана “Тогуз Торо” жаштар биримдиги биргеликте өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий