• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Калыс Нурланбек уулу каратэ боюнча КМШ оюндарынын чемпиону аталды

Спорт 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Каратэ боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Калыс Нурланбек уулу Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Нурланбек уулу Калыс 67 кг салмак категорияда катышты.

Биринчи күнү россиялык спортчу менен беттешип, 5:1 эсебинде жеңди. Ал эми жарым финалда беларустук спортчуну 3:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган.

Финалдык беттеште спортчунун атаандашы татамиге чыкпагандына байланыштуу кыргызстандык спортчу автоматтык түрдө жеңүүчү аталды.

Пикир

Оставить комментарий