• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Калыс-Ордо конушунда 140 орундуу бала бакча курулууда

Коом 0

Бишкек, 26.05.23. /Кабар/. Бишкектин Калыс-Ордо конушунда 140 орундуу бала бакча курулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имараттын пайдубалын түптөөчү чуңкур дээрлик бүтүп, капсула салуу иштери жүрүп жатат.

1390 чарчы метр аянтты ээлеген мектепке чейинки билим берүү мекеме 7 тайпага ылайыкталган, жалпы аянты 0,68 гектарды түзөт.

Долбоорго ылайык, имаратта кампа, ашкана, ойноочу, уктоочу, жуунучу бөлмөлөр, медициналык кабинет, кызматкерлер бөлмөсү, музыкалык жана спорттук зал жана техникалык бөлмөлөр каралган.

Пикир

Оставить комментарий