• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Кулжада курулушу 61 млн сомго бүткөрүлгөн мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Кара-Кулжа районунун Тегерек-Саз айылында жайгашкан Б.Эркинбаев атындагы орто мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев, Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев, "Ата-Журтум" Кыргызстан саясий партиясынын төрагасы Шүкүрбек Эркебаев жана жергиликтүү тургундар катышып, жаңы мектептин ачылышы менен куттукташып, окуучуларыбызды мыкты билим, татыктуу тарбия алууга чакырыктарды жасашып, билимдүү коомдуу куруу милдети баарыбыздан көз каранды экендиктерин белгилешти.

Зарлык Тургунбаев президенттин өкүлү Элчибек Жантаевдин атынан айылдын элин жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, жаңы билим уясынын акжолтой, куттуу болуусуна тилектештигин билдирип,өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ардак грамота тапшырды.

Аталган мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2021-жылы башталган. Сметалык баасы 60 млн 998 миң сомду түзгөн. Куруу иштери “Улар-Транс” ЖЧК тарабынан ишке ашырылды.

Б.Эркинбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылышы жаштардын өсүп-өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп, облустун алыскы аймактарындагы билим берүү тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий