• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Суу районунда курал-жарак сакталган жай табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Кара-Суу районунун Жим айылында курал-жарак сакталган жай табылды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2010-жылдагы окуялардын сепаратисттик аракеттерине каршы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кара-Суу районунун Жим айылынын аймагындагы курал-жарактар сакталган жай тууралуу маалымат алынган.

КР УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу менен көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1 даана АКМ-74, 1 даана РГД-5 гранатасы, 40 даана 7,62 калибрдеги, 9 даана 5 калибрдеги патрондор, кара маска, 1 даана бычак жана жашыл түстөгү колкап сакталган жай табылган.

Жогоруда аталган курал-жарактар маалыматты каттоо журналынын алкагында алынды, эми тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.

Учурда курал-жарак сактоочу жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий