• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эгемендүү Кыргызстандын калыптанышына зор салым кошкон — Топчубек Тургуналиевге жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. 2023-жылдын 15-ноябрында белгилүү коомдук жана саясий ишмер Топчубек Тургуналиев 82 жашында дүйнөдөн кайтты.

Философия илимдеринин кандидаты, илимпоз Топчубек Тургуналиев 1990-жылдардын башында демократиялык процесстердин жанданышы менен жарандык позицияларын ачык билдирип, Кыргызстан коомуна кеңири таанылган.

1990–1991-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылынын теңтөрагасы болуп иштеген. 1991-жылы "Эркин Кыргызстан" демократиялык партиясын түзгөн. 1990–1993-жылдардагы саясий процесстердин, 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы элдик революциялардын лидерлеринин катарында турган.

Топчубек Турганалиев Кыргыз Республикасынын Аксы районундагы Мечит-Сай айылында 1941-жылдын 5-июлунда жарык дүйнөгө келген.

1965-жылы Москва Мамлекеттик маданият институтун бүтүргөн. 1975-жылы Москвадагы СССР Коомдук илимдер академиясынын аспирантурасын аяктап, философия илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болгон.

Эмгек жолун Солнечногорск шаарында мугалим катары иштөө менен баштаган. 1964–1991-жылдары Фрунзедеги В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда жана СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекттик университетинде мугалим болуп иштеген.

1966–1972-жылдары М. Абдраев атындагы атайын музыкалык орто мектептин жетекчиси катары эмгектенген. 1969–1972-жылдары Кыргызстан Коммунистик партиясынын Борбордук Комитетинин сектор башчысы кызматын аркалаган. 1994-жылы Бишкек гуманитардык университетинин ректору кызматына дайындалган. 2010–2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөсү, 2012-жылдан баштап И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Манас таануу институтунун жетекчиси, 2019-жылдан баштап 2021-жылга чейин “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын демилгечиси жана президенти кызматтарын аркалаган.

Т. Тургуналиевдин эмгеги эл аралык уюмдар жана мамлекет тарабынан жогору бааланып, 2001-жылы Эл аралык укуктук уюмдар тарабынан “Адам укуктарын коргоочу” наамы ыйгарылган. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку сыйлыгы I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.
Т.Тургуналиев илимпоз катары алтымышка жакын илимий жана публицистикалык эмгектерди жарыкка чыгарган.

Топчубек Тургуналиев кыргыз коомчулугунда өзгөчө орду бар, коомдук-саясий ишмер, окутуучу, илимпоз катары маданиятка, тарыхка, билим берүүгө зор эмгек сиңирип кетти.

Эгемендүү Кыргызстандын калыптанышына зор салым кошкон коомдук жана саясий ишмер жана улуу инсаныбыз Топчубек Тургуналиевдин жаркын элеси эч качан эсибизден чыкпайт.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, З.К. Базарбеков, Э.Ж. Осконбаев, С.С. Касмамбетов, А.А. Касымалиев, К.К. Ташиев, Б.Э. Торобаев, Э.Ж. Байсалов, С.Ш. Жээнбеков, Р.И. Отунбаева, Дж.К. Исаева, Н.А. Азыгалиев, Н.О. Сыдыгалиев, В.К. Раимбачаева, М.К. Алиев, А.Н. Абдибаева, Г.О. Кулатаева, А.Дж. Джумагулов, М.Ш. Шеримкулов, А.С. Кадыралиев, М.К. Укушов, А.К. Осмонов, А.Н. Исанов, А.С. Джаныбеков, А.А. Максутов, Д.Ш. Кендирбаева, А.Т. Сыргабаев, З.Б. Сыдыков, К.Е. Абдрахматов, Т.А. Абдырахманов, А.И. Мусаев, А.Т. Абдраева, А.М. Истамбаев, А.А. Акматалиев, О.А. Тогусаков, Т.А. Бакчиев, Ж.С. Сааданбеков, С.Т. Кайыпов, Ж.Б. Бокошов, А.М. Алымбаев, А.К. Кадырова ж.б.

Пикир

Оставить комментарий