• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каракол – Эңилчек жолунун таш кулаган тилкесине айланма жол салынып, бир тараптуу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Каракол – Эңилчек жолунун таш кулап, жабылып калган тилкесинде айланма жол салынып, унаалар бир тараптуу каттоодо. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ташты алып салууга Транспорт министрлигинин №11 Жол тейлөө мекемесинин техникасы тартылып, бирок алы келбей койгон. Учурда айланып өтүүчү жол салынып, унаалар бир тараптуу каттап жатат.

"Жолду толук ачуу үчүн тушкон ташты жардырып салуу керек. Чек ара тозоту менен суйлөшүү үчүн адистер жерине келип көрүп кетишти. Көйгөй жакын арада чечилип калат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ аталган тилкеге таш кулап, унаа жол жабылып калган.

Пикир

Оставить комментарий