• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто өзгөчө абал киргенден бери коменданттык саатты 356 жаран бузган

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Ошто өзгөчө абал киргенден бери коменданттык саатты 356 жаран бузган. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, түндө коменданттык саатты 4 жаран бузган. "Түндө коменданттык саатты бузган жарандар райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жана комендатурага алынып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми 25-марттан бери 356 жаран коменданттык саатты бузган", - дейт ал.

Нурдинов белгилегендей, бүгүндөн тарта коменданттык саат кечки саат 21:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин болуп өзгөртүлдү. "Өткөрмө кагаздары да 30-апрелге чейин узартылат. Бул боюнча буйрук чыкты", - дейт комендант.

15-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 449га жетти. Алардын ичинен 98и медицина кызматкерлери. Коронавирустан 78 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий