• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Караколдо милиция кызматкерлери чоң өрттүн алдын алып калышты

Аймак 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Караколдо милиция кызматкерлери чоң өрттүн алдын алып калышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Укук тартип» профилактикалык иш-чарасынын алкагында Каракол шаардык милициясынын аймактык ыйгарым өкүлү Айбек Токушев жана Ысык-Көл облустук милициясынын туристтик милициясынын тескөөчүсү Улан Бекишев 18-ноябрдан 19-ноябрга караган түнү шаардын борбордук базарынын жанында кызмат өтөп жатышып, болжол менен түнкү саат 02:00 чамаларында «Келечек Академиясы» балдар мекемесинин чатырынан алоолонуп жаткан өрттү байкашат.

"Кырсыкты алдын алуу максатында алар бир мүнөттү да текке кетирбей милиция бөлүмүнө жана өрт өчүрүү кызматына кабарлашат. Андан кийин мекеменин тосмосунан секирип өтүшүп, өрттү өчүрүүгө жана өрт өчүрүүчү бөлүктөрдүн келишине жолду тазалоого аракет көрүшөт. Өз учурунда чакырууга келе калышкан ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын куткаруучулары, орун алган өрттү тезинен четтетүүгө үлгүрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Жарандардын коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок болгонуна ынанган милиция кызматкерлери кайтадан өз милдеттерин аткарууга киришкен.

Ошентип, тартип сакчыларынын кыраакылыгынан улам чоӊ өрттүн чыгышына жана адамдардын кырсыкка учурашына жол берилген жок.

Пикир

Оставить комментарий