• 88.68
  • 95
  • 0.95

Караколдогу тарыхый имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Каракол шаарындагы тарыхый имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү, деп билдирет Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду.

Маалыматка ылайык, учурдагы педагогикалык колледждин ички, сырткы жана чатырын оңдоого фонд жалпысынан 5​ млн 900​ миң сом бөлгөн.

Имарат болжол менен 1880-жылдардын башында курулган, андыктан курулушчуларга тарыхый имаратты оңдоп-түзөөдө баштапкы келбетин өзгөртпөө тапшырмасы коюлган.

"Учурунда аталган имаратта кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү инсандары тарбия алышкан. Андыктан бул имараттын тарыхый баалуулугу өтө чоң мааниге ээ. Азыркы күндө ​ бул жай педогогикалык колледж катары келечектеги агартуучуларды тарбиялоодо", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий