• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакбаев Улуу Британиянын КРдагы элчиси Гарретти кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-октябрда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гарретти кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Улуу Британиянын элчиси Руслан Казакбаевди КР тышкы иштер министри кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап жана андан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Казакбаев Кыргыз Республикасында кырдаал туруктуу, болуп жаткан саясий процесстер укуктук талаага кайткандыгын, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бардык бутактары легитимдүү, ал эми бийликтин аткаруу органдары өз ишмердүүлүгүн штаттык режимде улантып жаткандыгын баса белгилеп, өлкөдөгү учурдагы ички саясий кырдаал жөнүндө маектешин маалымдады.

Кыргыз тарабы Кыргызстандагы демократиялык процесстерди жана мыйзамдын үстөмдүгүн колдоо жөнүндө жасалган билдирүүсү үчүн Улуу Британиянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Тараптардын ортосунда саясий жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча кызыкдар пикир алмашуу болуп өттү. Кыргыз Республикасынан алтын экспорттоо сыяктуу Улуу Британия менен товар жүгүртүүнүн чоң көлөмүн эске алуу менен, Улуу Британияга продукциялардын жана товарлардын жеткирүүсүн диверсификациялоонун зарылдыгына басым жасалды.

Климаттын, экологиянын өзгөрүүсүнө ийкемделүү маселелериндеги, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан башка багыттардагы кызматташуунун маселелери талкууланды. Кызматташуунун эки тараптуу күн тартибинин иш-чараларынын графиги каралды.

Тараптар мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди Кыргыз Республикасына кайтаруу боюнча өз ара аракеттенүү маселесине өзгөчө көңүл бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий