• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакстанда акыркы сутка ичинде 7 миң 481 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 7 миң 481 кишиден аныкталды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 1270, Алматы шаарында – 1531, Шымкент шаарында – 575, Акмоло облусунда – 259, Актөбе облусунда - 356, Алматы облусунда - 311, Атырау облусунда - 406, Чыгыш-Казакстан облусунда – 308, Жамбыл облусунда – 196, Батыш-Казакстан облусунда - 115, Караганда облусунда – 941, Костанай облусунда - 261, Кызылорда облусунда - 210, Мангистау облусунда - 181, Павлодар облусунда - 292, Түндүк-Казакстан облусунда - 147, Түркестан облусунда – 122 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 595 миң 433 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий