• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда ала качуу боюнча эки киши соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24-июль /Кабар/. Казакстандын Актөбө шаарында ала качууга катышты деген айып менен эки жергиликтүү тургун түрмөгө кесилди.

21 жаштагы Санат Умирзак адам урдоо беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 4,5 жылга эркинен ажыратылды. Ага жардам берди деп айыпталган Алдаберген Жумажанов 5 жыл абак жазасын алды. Жумажанов буга чейин башка иш боюнча соттолгон болчу.

Окуя 14-июнда шаардык базарда болгон. Жабырлануучу кыз базардын коопсуздук кызматкерлеринин жардамы менен кутулуп кеткен. Соттун материалдарына ылайык, Умирзак менен Жумажанов кызды Хромтау шаарына алып кетишмек.

Сот өкүмүнө ылайык, соттолуучулар өз жазаларын жалпы тартиптеги абакта өтөшөт.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий