• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткандарга айып пул салуу пландалууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 23.08.17. /Кабар/. Казакстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 65 доллар айыппулга жыгылуусу мүмкүн. Дин иштери жана жарандык коом министрлиги бул норманы “Дин ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзамга киргизүүнү сунуштоодо.

Министрлик салттуу эмес диний көз караштагы жарандардын эмдөөдөн баш тартуусу – Казакстандагы негизги көйгөйлөрдүн бири болуп баратканын белгилөөдө. 2016-жылы эле 9,5 миң ата-эне балдарын эмдеткен эмес. Алардын жарымы бул кадамдарын диний ынанымдары менен түшүндүрүшкөн.

Жаңы мыйзам долбоорунун башка нормаларына ылайык, жашы жете элек балдарды ата-энелеринин уруксатысыз өз ишмердүүлүгүнө тарткан диний бирикмелер 680 доллар айыппулга жыгылат. Казакстанда диний билим алгандан кийин гана башка чет өлкөлөрдө бул багыттагы окуусун улантса болот. “Деструктивдүү идеологиялык агымдарга” таандык тышкы атрибуттарды колдонууга, маселен, кийимдерин кийүүгө тыюу салынат.

"Биз кандай белгилер деструктивдүү экенин талкуулап жатабыз. Хиджап – адамдын бетин жаппаган кийимдин бир түрү, мындан улам биз аны караган жокпуз. Эч ким хиджапка каршы сөз сүйлөбөйт. Хиджапты паранжа же чадра менен чаташтырууга болбойт”,– деди дин иштери жана жарандык коом министри Нурлан Ермекбаев.

Пикир

Оставить комментарий