• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда төрт мамлекеттик орган Интернетке тыюу салууга укук алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Казакстан өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги социалдык, табигый же техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар учурунда Интернетти жана байланыштын башка каражаттарын өчүрүүгө укук алышты.

Ошол эле маалда аталган мамлекеттик органдар өкмөттүк жана президенттик байланыш каражаттарына бөгөт коё алышпайт.

Документ 28-октябрдан тарта күчүнө кирди.

Казакстанда быйыл жыл башынан бери кечкисин Facebook, YouTube, Instagram жана Telegram түйүндөрүнө кирүү биртоп кыйындады.

Адам укуктары боюнча казакстандык бюро жарандар каалаган учурда үзгүлтүксүз жана эркин маалымат алуу укугуна ээ экени тууралуу билдирүү тараткан.

Бул арада бозгундагы оппозициячыл саясатчы, мурдагы банкир Мухтар Аблязов казакстандыктарга социалдык түйүндөр жана мессенжерлер аркылуу түз байланышка чыккан маалда Интернет өчүрүлгөн учурлар көп катталууда.

Пикир

Оставить комментарий