• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда автобус кырсыкка учурап, сегиз адам каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Казакстандын Кызылордо — Кумкөл унаа жолундагы автобус кырсыгынан каза болгондордун саны сегиз адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдындагы Өзгөчө кырдаалдар комитети кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жаракат алгандардын бири ооруканага бараткан жолдо жан берди. Буга чейин кырсыкта кеминде жети киши мерт болгону айтылган.

Баштапкы маалыматка ылайык, Кызылордо — Кумкөл жолунда бараткан автобус 3-декабрдын таңында жолдон чыгып кеткен. Полиция анын ичиндеги 35 жүргүнчүнүн 22си жаракат алганын билдирүүдө. Учурда кырсык болгон жерде тергөө тобу, куткаруучулар жана медицина кызматкерлери иштеп жатышат.

Буга чейин полиция «Жол эрежесин же транспорт каражатын пайдалануу эрежелерин бузуу» беренеси менен тергөө иши башталганын билдирген.

Европа биримдигинин статистикалык кызматынын (Евростат) маалыматына ылайык, Казакстан жол кырсыктарынын саны боюнча дүйнөдөгү алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирет.

Пикир

Оставить комментарий